Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Бүгүн Бишкекте “Карек” кинофестивалы башталат


Балдар жана өспүрүмдөрдүн "Карек" аттуу республикалык кинофестивалында 23 тасма көрсөтүлөт. Маданий иш-чара 14-ноябрда Бишкектеги “Кыргыз киносу” кинотеатрында ачылып, 15-ноябрда “Манас” кинотеатрында жыйынтыкталат.

Фестивалга алгач 87 фильм сунушталган. Тандап алынган фильмдердин төртөө — анимациялык, алтоо — даректүү жана 13 — оюн багытында. Тасмалар элге көрсөтүлүп, 6-12 жана 13-17 жаштагылар арасында тогуз багытта жеңүүчүлөр аныкталат:

-Мыкты оюн фильм.

-Мыкты анимациялык фильм.

-Мыкты документалдык фильм.

-Мыкты режиссер.

-Мыкты сценарист.

-Мыкты оператор.

-Мыкты жаш актер.

-Мыкты жаш актриса.

-Мыкты монтажчы.

Иш-чара Тарых жана маданият жылына жана кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган.

Кинематографисттер бирикмеси өткөрүп жаткан фестиваль быйыл алгач ирет уюштурулууда. "Бул менин дүйнөм!" деген темадагы иш-чарада 6-17 жаштагы чыгармачыл балдар жана өспүрүмдөрдүн эмгектери сынга коюлат. (SE)

XS
SM
MD
LG