Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

ЖК чет элдиктердин каттоосун узартууга өкмөткө тапшырма берди


Турист.
Турист.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөткө бир жума убакыт берди. Комитеттин төрага орун басары Абдувахап Нурбаев билдиргендей, бул боюнча Кыргызстандагы башка өлкөлөрдүн элчилигинен парламентке көптөгөн кайрылуулар келди. Андыктан өкмөт тез арада мөөнөттү узартуу зарыл.

- Кийинки жумага чейин өкмөттүн токтому чыгып, жарыя кылынсын. Анткени Кыргызстанга келген туристтердин бардыгы ыңгайсыз абалга кабылып, Каттоо кызматында кезекте турушат. Биз токтомдун бир нускасын комитеттин чечими менен дагы беребиз, бирок бир жуманын ичинде өкмөт өзүнүн токтомун чыгарышы абзел.

Кыргызстанда “Тышкы миграция” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр кирип, ага ылайык 4-ноябрдан баштап өлкөдөгү чет элдик жарандар беш күндүн ичинде каттоого туруусу милдеттендирилген. Бул өз кезегинде чет өлкөлүктөрдүн ыңгайсыздыгын жаратып, нааразылыктарга алып келүүдө. Учурда өкмөт бул мөөнөттү 30 күнгө узартуунун үстүндө иштеп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG