Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

"Ата-Журттун" "өзгөчө" жарнагы


"Ата-Журт" партиясынын Жалал-Абад шаарына илинген жарнагы.
"Ата-Журт" партиясынын Жалал-Абад шаарына илинген жарнагы.

Жалал-Абадда шайлоо комиссиясы саясий партиялардын үгүт материалдарын, көрнөк-жарнактарды илүү боюнча жаңы эрежелерди иштеп чыкканы калды. Буга айрым саясий партиялар тарабынан илинген көрнөк-жарнактар жараткан талкуу негиз берди.

Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан "Ата-Журт" саясий партиясынын "Биз мародер эмеспиз, биз жаратманбыз" деген маанидеги үгүт жарнактары коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Аймактык шайлоо комиссиясы жарнак уруксатсыз илингени үчүн мазмунуна доомат коюп, эскертүү бергени жатат. Бул тууралуу БШКнын облустагы координатору Дамир Жүндүбаев мындай деди:

- "Биз мародер эмеспиз" деп жазып жатканы туура эмес. Экинчиден, ал сөз кимге карата айтылып жатканы так айтылбаптыр. Мародер дегенде бирок кээ бир саясатчыларга сөз тийип калышы мүмкүн. Ошол себептүү партия бул сөздү эмне себептен жазганын так аныктап, түшүндүрүп бериши керек. Аймактык шайлоо комиссиясында бул тууралуу маалымат жоктугунан сиздин айтканыңыз боюнча жарнакты жеринде барып көрүп, анан тиешелүү чечим кабыл алабыз.

Ал эми партия лидери Камчыбек Ташиев талаштуу жарнактын илинишин төмөнкүдөй негиздеди:

- Мародер деген сөз 2010-жылдан бери катуу айтылып келе жатат. Бул сөздү президент дагы бышыктап, кайсы бир саясатчыларды айыптап өттү. Биз ошол президенттин мародер деген сөзүн гана үгүт материалыбызга жазып койдук. Партиянын арасында андай адамдар жок деген максатта. Ошондой эле Баш мыйзамды өзгөртө бербей, элдин турмушун өзгөртөлү деп жаздык. Чындыгында ар бир келген бийлик Конституцияны өзгөртүп эле элдин жашоосу унутта калып жатат. Ошол себептүү биз ушул чакырыкты таптык.

Үгүт иштерине мамлекетти жана шаарды кантип өнүктүрүү жөнүндө, курулуш, өзгөрүү багытында чакырыктарды жазышыбыз керек.
Мелис Сатаров

Шаардык кеңешке ат салышып жаткан жети партиянын төртөө гана жарнак илгенге уруксат алган. Уруксат албаган "Ата Мекен" менен "Республика-Ата-Журт" партиялары азырынча шаарга үгүт жарнактарын жайгаштыра элек.

Партиялардын шайлоо алдындагы жарнактарында жеке адамдын аброюна шек келтире турган сөздөргө орун берилбесин Дамир Жүндүбаев бышыктады:

- Үгүт материалдарында партиянын жеңип чыкканда аткара турган пландарына, атаандаш партиялардын ишкердүүлүгүн сындоого уруксат берилген. Ал эми талапкердин жана башка адамдардын беделине шек келтире турган жазууларга уруксат берилген эмес. Мындан сырткары улут аралык жана расалык бөлүнүп-жарылууга үгүттөгөн жарнактарга да тыюу салынат.

Үгүт маалында жогорудагы эрежелерди так сактабаган партияларга үч ирет эскертүү берилип, эгер ал өзгөрүүсүз калса мыйзамга ылайык БШК партияны шайлоодон четтетет. Бул шайлоочулардын, шайлоо комиссиясынын жана башка партиялардын арыз-даттанууларынын негизинде ишке ашат.

Көп жылдан бери шаарда жашап, ардактуу атуул наамын алган Мелис Сатаров партиялардын чакырыктары шаарды өнүктүрүүгө багытталышы керек деди:

- Жогорудагы партиялардын үгүт жарнактары туура эмес жазылган. Аны айткандан мурун иш жүзүндө көрсөтүшү керек болчу. Тилекке каршы бизде андай болбой жатат. Үгүт иштерине мамлекетти жана шаарды кантип өнүктүрүү жөнүндө, курулуш, өзгөрүү багытында чакырыктарды жазышыбыз керек. Тигил партия мындай, биздин партия мындай деп өзүн көрсөтүү максатында жазылган чакырыктар - бул феодалдык калдыктагы сөздөр да.

Шаарда мындан сырткары "Иштедик, дагы да иштейбиз", "Мамлекеттин гүлдөп өнүгүшү үчүн", "Лидер партия, өзгөртөбүз" деген сыяктуу чакырыктагы жарнактар илинген. Азырынча шайлоо алдында мыйзам бузуу фактысы каттала электигин шайлоо комиссиясы билдирет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG