Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Аба ырайы: чукул эскертүү


16-17-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жана кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо да кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3 градус болот.

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2...-3, күндүз +5...+10 градус болот.

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз +2...+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7 градус болот.

17-ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4 градус, күндүз -1...+1 градус болот.

XS
SM
MD
LG