Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:38

Ирак: Мосулду кайтаруу операциясына бир ай болду


Мосулду бошотуу операциясы
Мосулду бошотуу операциясы

Ирак армиясы, күрттөрдүн кошуундары жана өнөктөштөрү Мосул шаарын “Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотуу операциясын баштаганына туура бир ай болду.

Операция башталганда Мосул бир нече жумада же айда бошотулары айтылган.

Ирак бийликтери ушу тапта салгылашуулар калаанын калк жыш жайгашкан бөлүктөрүнө жайылганын айтып, элди жапырт эвакуациялоого даярданышууда.

17-октябрдан бери 50 миңдей киши коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Ал тапта "Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму “Ислам мамлекети” террор тобунун согушкерлери Ирак полициясынын 300дөй мурдагы кызматкерин өлтүрүп, Мосулдун четиндеги көрүстөнгө чогуу көмүп салышканын билдирди.

Шаршембидеги билдирүүдө массалык көрүстөн 12-ноябрда Хаммам ал-Али кыштагынын жанынан табылганы айтылат.

Уюмдун дагы бир маалыматында жергиликтүү тургундар экстремисттер айылдан чегингенде эки миңдей карапайым кишини өздөрү менен ала кетишкенин айтып беришкен.

XS
SM
MD
LG