Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

2017-жылы бюджеттин тартыштыгы 23 млрд сом болот


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Келерки жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 млрд сом өчөмүндө болот деп болжолдонууда. Бул тууралуу бүгүнкү парламенттеги бюджет талкуусунда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2017-жылы бюджеттин кирешеси быйылкыдан 2 млрд сомго көп болот. Ал эми чыгашанын көлөмү 150 млрд сомдон ашууда.

- 2017-жылы ички дүң продукциянын реалдуу өсүү деңгээли 2,9 пайыздык деңгээлде болжолдонууда. Инфляция 5,6 пайыздын деңгээлдинде болжолдонууда, - деп айтты өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылга бюджеттин тартыштыгы 23 млрд сомду түзөрүн, бул ички дүӊ продуктуга карата 4,7 пайыз болорун билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG