Токмок шаарында бюджеттик мекемелердин жылуулукка карызы 40 миллион сомго жетти. Мындан улам “Газпром-Кыргызстан” компаниясы “Жылуулук” ишканасына “көгүлтүр от” берүүнү убактылуу токтотуп, 17-ноябрда бюджеттик мекемелер, Аскер шаарчасындагы үйлөр жылуулуксуз калды.
Калаа башчысы Жыргалбек Шамыралиев “Газпром-Кыргызстан” менен сүйлөшүү жүрүп, кайра жылуулук бериле баштаганын “Азаттыкка” билдирди.
Кыргызстанда аба ырайы сууп,17-ноябрда көпчүлүк аймактарга кар жаады. (SE)