Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

Гройсман: Украина экономикасы жогорулоодо


Украина премьер-министри Владимир Гройсман өлкөдө экономикалык абал жакшырганын, өкмөт пенсия менен айлыктарды көтөрүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

“Азаттыктын” украин кызматына 16-ноябрда берген маегинде Гройсман акыркы үч квартал бою экономика жогорулап келгенин айтты.

Натыйжада өкмөт декабрда пенсияларды 10%, январдан тарта минималдык эмгек акыны эки эсе көтөрөрүн билдирди.

"Украин жарандарынын эмгегине байланыштуу ушундай өсүү болду. Кыйын кезеңде эл чыдамкайлыгын көрсөттү. Азыр эми эң жаманы артта калды деп ишенем”, деди Гройсман.

2014-жылдагы Майдан окуялары Крымдын аннексияланышы, Донбасстагы жаңжалдар менен коштолгон. Бул украин экономикасынын кескин төмөндөшүнө алып келген.

XS
SM
MD
LG