Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Украина пранкерлер үчүн кыргыз ТИМин айыптады


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин айрым кызматкерлери пранкерлерге Украинанын президенти менен телефон сүйлөшүүнү уюштурууга көмөктөшкөн. Бул тууралуу Украина президентинин маалымат катчысы Святослав Цеголко өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды. Ал ошондой эле телефон бейбаштарынын артында орус атайын кызматынын өкүлдөрү турарын кошумчалады.

- Пранкерлер эмне үчүн ушул маалга чейин телефон сүйлөшүүнү чыгарбай келгенин эми түшүнүп жатам. Алар үн жаздырууну монтаждап, Кремль уруксат бергенге чейин отурушту. Ал жакта Орусияны айыптаган сөздөрдүн бардыгы кыркылып, кесилген экен.

17-ноябрда Украина президенти Петро Порошенко менен пранкер же телефон бейбашынын сүйлөшүүсү интернетке тараган. 15 мүнөттүк аудиодо Порошенкого кыргыз президенти "Алмазбек Атамбаевмин" деп чалган адам Крым, Донбасс маселелерин талкуулаган.

Азырынча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул айыптоолорго үн ката элек. (SDz)

XS
SM
MD
LG