АКШнын вице-президенттигине шайланган Майк Пенс Мамлекеттик департаменттин башчылыгына Митт Ромни башка талапкерлердин арасында “активдүү” каралып жатканын бышыктады.
Бул тууралуу Пенс америкалык FOX телеканалына 20-ноябрда берген маегинде айтты. Ошондой эле Ромни өзү да буга кызыкдар экенин кошумчалады.
Андан мурдараак АКШда шайланган президент Дональд Трамп Ромни менен жолугуп, жолугушууну “ийгиликтүү” деп баалаган эле.
Республикачы Митт Ромни 2012-жылкы президенттик шайлоодо Барак Обамага утулуп калган. Ал буга чейин Трамптын көз караштарын катуу сынга алып келген болчу.