Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

"ЗИЛ" лыжа базасындагы чыр талкууланды


"ЗИЛ" боюнча жыйын. 21.11.2016
"ЗИЛ" боюнча жыйын. 21.11.2016

Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында бүгүн "ЗИЛ" лыжа базасындагы чырга байланыштуу жыйын өттү. Ага жергиликтүү тургундар, жайыт комитетинин жана райондук бийлик өкүлдөрү катышты. Экинчи тарап - "ЗИЛ" базасынан өкүлдөр келген жок.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, айылдыктар жана жайыт комитети контейнерлер коюлган жер лыжа базасына тиешелүү эмес деп айтууда. Алардын белгилешинче, базанын кожоюндары контейнерлерди жылдырууга укугу жок болчу.

Ал эми Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Мидин Алыбаев бул маселени тынчтык жол менен чечип, лыжа базасынын ишин үзгүлтүккө учуратпоо керектигин билдирди.

Базанын жетекчиси Акбар Рыскулов буга чейин "Азаттыкка" маалымдагандай, ал 2009-жылы төрт гектар жерди тендер аркылуу сатып алып, ошондон бери дээрлик төрт миллион доллар инвестиция салып, базаны иштетип келатат.

Жергиликтүүлөр менен чыр алар базанын унаа коюучу жерине контейнер алып келип, лыжа тебүүгө керектүү каражаттарды сатууга аракеттенгенде башталган.

Учурда эки тарап талашып жаткан жерде беш контейнер турат. Аларды орноткондордун бирин базанын арызы боюнча милиция кармап кетип, кайра кое берген.(BkA/RK)

XS
SM
MD
LG