Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Текебаев: Атамбаевге импичмент жарыялоого даярдык башталды


Президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтоо процесси башталды. Бул тууралуу ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан пресс-конференцияда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал мамлекет башчы жана анын тегереги бийликти узурпация кылып алганын белгиледи жана оппозицияны "Мегаком" боюнча каралоо жүрүп жатканын айтты.

Текебаевдин айтуусунда, импичментти даярдоо жараяны 2-3 айлык мөөнөттү алышы ыктымал. Тиешелүү кызмат адамдарынан көрсөтмөлөр жана башка документтер чогултулушу керек.

"Ата Мекендин" лидери жарандык активисттерге, бейөкмөт уюмдарга, парламент депутаттарына кайрылып, импичмент жарыялоого жардам колдоо көрсөтүүгө чакырды. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG