Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Кыргыз жаңгагын араб өлкөлөрүнө сатуу пландалууда


Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев «Lulu Group» компаниясынын өкүлдөрү менен
Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев «Lulu Group» компаниясынын өкүлдөрү менен

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын Катар мамлекетинин дүкөндөрүнө сатыкка алып чыгуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу элчи Нуран Ниязалиев кабарлады. Анын айтуусунда, кечээ «Lulu» дүкөндөр тармагы үчүн «Oimo Foods» ишканасынын продукциясы презентацияланды жана жакшы кызыгуу жаратты.

Жеке инвестициялык салым менен ачылган «Oimo Foods» компаниясынын жетекчиси Максат Төрөбековдун "Азаттыкка" бүгүн кабарлашынча, ишкана быйыл жазында ачылган:

- Кургатылган жемиш жана жаңгактардын аралашмасын чыгарабыз.
Орусия, Индия, Казакстан өлкөлөрүндөгү ишкерлер менен сүйлөшүп жатабыз. Кызыгуу бар.

Катардагы элчилик кыргызстандык өндүрүшчүлөргө экспорттук мүмкүнчүлүктү арттыруу максатында продукциясын алып чыгуу сунушун айткан. Алгачкылардан болуп «Oimo Foods» жөнөткөн.

«Lulu Group» компаниясы Катардан тышкары бир катар башка араб мамлекеттеринде, Индия, Малайзия, Индонезияда гипермаркет иштетет. (RK)

XS
SM
MD
LG