Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Бүгүн Стамбулда Ислам кызматташтык уюмунун конференциясынын ачылышында сүйлөгөн Эрдоган “добуш берүү кандай аяктабасын, биз үчүн ал маанилүү эмес” деди.

- Добуш берүү аткарууга милдеттүү эмес болгону менен, бул демилге менен ишара кылган нерселерге үн катпай кое албайм. Европа парламентинин маселени колго алышы алар террордук уюмдардын тарабын ээлеп жатканын көргөзүүдө, - деди Эрдоган.

Эрдоган Түркия европалык баалуулуктарды керек болсо шаркеттин бир катар өлкөлөрүнө караганда көбүрөөк урматтарын, бирок Батыш өлкөлөрүнөн конкреттүү колдоо таппаганын кошумчалады.

Бейшемби күнү Европарламент Анкара менен шаркетке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуу же токтотпоо маселеси боюнча добуш берет.

Европарламенттин бир катар мүчөлөрү 22-ноябрда Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүсүн токтотууга чакырышкан. Бул чара июль айындагы төңкөрүш аракетинен кийин өлкөдө Эрдогандын саясий атаандаштарына каршы жүрүп жаткан куугунтуктоолор менен түшүндүргөн.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG