Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Крымдык активисттер Львовдо акция өткөрүштү


Украинанын Львов шаарында крымдык активисттер Орусиянын консулдугу алдында нааразылык акциясын өткөрүп, миңдей оюнчук аскерди тизишти.

22-ноябрдагы бул иш-чара Крым жарым аралынын Москва тарабынан аннексияланышынын миң күндүгүнө арналган. Активисттер бул жашыл аскерлер 2014-жылдын март айында ушундай түстөгү униформачан жарым аралда пайда болгон белгисиз аскерлерди эске саларын айтышты. Мындан көп өтпөй Крым аннексияланган.

Акция катышуучулары консулдук имаратын көздөй кагаз учактарды да учурушту. Алар Орусиядан Крымды Украинага кайтарууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG