Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:14

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыйган учурлар токтобой жатат. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн эки жылда 12 ай ичинде 100дөн ашуун учур катталса, быйыл 8 айда эле мындай фактылардын саны 80ден ашты.

Акыйкатчынын пикиринде, маселени чечүү үчүн кризистик борборлорду ачып, мектептерде балдар менен психологдор иштеши керек. Жергиликтүү бийлик органдары да буга олуттуу көңүл бурушу зарыл.

Буга чейин Кубат Оторбаев 10-сентябрды суицидке каршы күн деп жарыялоо сунушун айткан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG