Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Түркиянын Адана шаарында жардыруу болду


Түркиянын түштүгүндөгү Адана шаарында катуу жардыруу эки кишинин өмүрүн алып кетти. Бери дегенде 16 киши жараланды. Анадолу агенттиги маалымдагандай губернатордун резиденциясынын жанына токтогон дүрмөттөлгөн машина жарылган. Тышкы иштер министри Өмер Челик кол салууну айыптап, "террорчулар биздин элибизге каршы чабуулдарын улантышууда, адамзаттын атынан террорчулукка каршы күрөшүбүздү токтотпойбуз", - деп Твиттерде жазды.

Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Күрттөрдүн согушкерлери, исламчыл экстремисттер буга чейин Түркиянын жер жерлеринде ушундай жардырууларды уюштуруп келишкен. Адана шаары Сирия менен чектешет.

XS
SM
MD
LG