Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Назарбаев Астананын аталышын өзгөртүүгө каршы


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев "Орусия-24" телеканалына курган маегинде Астананын аталышын өзгөртүүгө каршы экенин айтты. Ал маектен үзүндүнү президенттин маалымат кызматы Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

"Бул – бренд. Анын аталышын өзгөртүүнүн кажети жок", - деди президент. Шаршембиде депутаттар президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын баш калаанын аталышы жана башка маанилүү объектилерде чагылдырууну сунуш кылышкан. Айрымдары Астананы Назарбаев же Елбасы деп өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн. Парламентарийлер ошондой эле Астанада “Тауелсиз Казакстан” деген монумент куруп, Назарбаевдин “мамлекетти куруудагы эбегейсиз салымын” Конституцияда белгилөөнү туура көрүшөт.

XS
SM
MD
LG