Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Молдовада шайлоодо утулган талапкер Жогорку Сотко кайрылат


Майя Санду.
Майя Санду.

Молдовада 13-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо утулуп калган, Европа менен интеграцияны колдогон талапкер Майя Санду добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жогорку Сотко кайрыларын “Азаттыкка” билдирди. Сандунун штабы өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы менен Тышкы иштер министрлигин чет өлкөдөгү молдовалыктардын добуш берүү укугун бузду деп айыптап жатат.

“Аракет жана тилектештик” партиясынын талапкери Майя Сандунун арызын буга чейинки соттук инстанция четке кагып койгон.

Ал тапта баш калаа Кишинёвдо Европа биримдигинде жашаган 140 Молдова жаранынын арызы каралууда. Алар чет өлкөдөгү добушканаларда шайлоо бюллетендери жетпей калганын жүйөө келтирип жатышат.

Молдовадагы шайлоодо Социалисттер партиясынын лидери, Орусиянын саясатын жактаган талапкер Игорь Додон жеңип чыккан. Ал 27-ноябрда жеке учак менен Москвага жөнөп кеткени кабарланды.

XS
SM
MD
LG