Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Бишкекте имараттагы өрт өчүрүлдү


Бишкектеги өрт.
Бишкектеги өрт.

Аалы Токомбаев көчөсүндөгү “Рефал” жеке мектебинде тутанган өрттүн негизги очоктору өчүрүлгөнүн жериндеги “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Учурда өрт өчүрүүчүлөр өрттү толугу менен өчүрүүнүн аракетинде.

ӨКМ маалымдагандай, болжол менен имараттын 600 чарчы метри күйүп, чатыры кулаган. Жалпысынан "тилсиз жоону" басууга 6 өрткө каршы бригада иштеди.

“Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, кырсыкта жабыр тарткандар болгон жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдын суммасы эсептелүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG