Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Кыргыз элчилиги Москва мэринин билдирүүсүнө жооп кайтарды


Сергей Собянин
Сергей Собянин

“Кыргызстандан келген мигранттардын түйшүгү көп” деген Москва мэри Сергей Собяниндин билдирүүсүнө Орусиядагы кыргыз элчилиги билдирүү жасады.

Элчиликтин сайты маалымдагандай, кыргыз мигранттары мыйзамдуу жумушка орношууну каалап, каттоого туруу максатын айткан учурда жумуш берүүчүлөр көпчүлүк учурда бул сунушка каршы чыгышат. Жумуш берүүчүлөр тескерисинче жумушчулардын санын азайтып, айлыктарды конвертте берүүнү каалашат. Бул көрүнүштөр аргасыздан кыргыз мигранттарын мыйзамсыз иштөөгшө түртүүдө, – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин шаар жыйынында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарында көйгөй бар экенин, анын ичинде кыргызстандыктар эмгек келишими жок, салыктан качып иштеп жатканын айткан.

Өз кезегинде кыргыз элчилиги мыйзамды сактабастан жумушчуларды алып жаткан ишкерлерге чара көрүүгө чакырууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG