Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Ала-Бука: дарыгерлер жараксыз имаратта иштеп жатат


Ала-Букадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.
Ала-Букадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Ала-Бука районунун борборунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери эмгектенип жаткан имарат 3 жыл мурун авариялык деп жабылганына карабай иштеп жатат. Эски имаратта психиатрия, хирургия, тиш дарылоо, рентген жана лаборатория бөлүмдөрү бейтаптарга кызмат көрсөтөт.

Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Канжарбек Таиров “Азаттык” радиосуна билдиргендей, башка жерде ылайыктуу имараттын жоктугунан дарыгерлер аргасыз кооптуу жайда иштешет. Жаңы имарат куруу маселеси 2010-жылдан бери көтөрүлгөнү менен өкмөт тарабынан чечилбей жатат, - деди Таиров.

1960-жылы курулган имаратта 60ка чукул дарыгерлер иштеп, райондун борборунда жашаган 50 миңге жакын калкка кызмат көрсөтөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG