Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Бишкекте “Жашыл экономика” талкууланат


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн Бишкекте “Жашыл экономика – Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи” аттуу форум болот. Анда тармактын көйгөйлөрү, тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр талкууланат.

Кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери мамлекет “Жашыл экономикага” өтсө өнүгөт деген максатты алдыга коюп келет. Бул программа жалпы экономиканы туруктуу өнүгүүгө алып келүүгө өбөлгө экени айтылат. Жашыл экономика - жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу принцибинде ишке ашат.

Форумду Экономика министрлиги, Соода-өнөр жай палатасы жана Германиянын эл аралык кызматташуу уюму бирге өткөрөт. Жыйын “Европа”отелинде болот. (SE)

XS
SM
MD
LG