Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Орусияда “Хизб-ут-Тахрирдин” аймактык лидери 16 жылга камалды


Москванын округдук аскер соту “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмунун аймактык лидери Дмитрий Михайловду 16 жылга камоо өкүмүн чыгарды. Шейшемби күнү соттун көчмө жыйыны Петербургда өткөнүн жергиликтүү маалымат булактары кабарлашты.

Дмитрий Михайлов Псков облусунун тургуну. Ал камак мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт.

ФСБнын маалыматына ылайык, Михайлов 2015-жылдын апрелинде кармалган. Ал Ленинград облусунда “Хизб-ут-Тахрир” идеясын жайылтып, катарына кишилерди кошуу менен алектенген.

XS
SM
MD
LG