Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:29

“Кыргызтелеком” депутаттык комиссиянын бүтүмүнө макул эмес


"Кыргызтелеком" ишканасы.
"Кыргызтелеком" ишканасы.

«Кыргызтелеком» ишканасынын башкармалык кеңеши тараткан маалыматта казакстандык ишканалар менен интернетти жаңы баада сатып алуу тууралуу келишимдин артында эч кандай кутум жоктугу белгиленген.

Башкармалык кеңеши 2016-жылдын июль айында кыргыз тарап келишимге аргасыздан кол койгонун белгилөөдө. “Анткени ошол мезгилде казактар интернетти үзүп койсо, ИИМ, УКМК, аскер бөлүктөрү, бардык министрликтер, мамлекеттик жана эл аралык уюмдар, банктар интернети жок калмак. Бул оор кесепеттерге алып келмек”, деп белгиленет ишкана тараткан билдирүүдө.

“Кыргызтелеком” билдирүүсүндө бүгүнкү күнгө чейин ишкана Казакстан тарапка төрт ай үчүн интернеттин 1 мегабитине 15 доллардан алдын ала төлөп, 420 миң доллар акча которулганы айтылат. Ал эми 1 мГб интернетти 30 доллардан сатып алуу тууралуу түзүлгөн келишим ишкананын жетекчилиги тарабынан атайылап аткарылган эмес. Натыйжада Казакстандан Кыргызстанга интернет 1мГб 15 доллардан ашырылбай сатылып алынууда. Мамлекетке чыгаша келтирилген эмес, тескерисинче, тогуз айда “Кыргызтелеком” 335 млн. сом киреше менен чыккан.

Интернеттин кымбатташын иликтеген депутаттык комиссия интернет баасынын кымбатташына “Кыргызтелеком” ишканасы себепкер деген корутунду чыгарган. Комиссиянын корутундусунда ошондой эле “Кыргызтелеком” Кыргызстанда интернет таратууда монополист болуу максаты менен Маалымат технологиялары жана байланыш комитетине “Кыргызтелекомду” жападан-жалгыз интернет таратуучу катары таануу сунушу менен кайрылганы тууралуу да айтылган. Ишкана тараткан маалыматта бул тууралуу сөз жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG