Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

Бул тууралуу аталган ишкананын башкармалык кеңешинин башчысы Эмил Ешеналиев өзү билдирүү таратты. Билдирүү ээси буга тергөө убагындагы түрдүү айыптоолордон тыш болуу максатында барганын маалымдоодо.

Ешеналиев Казакстандан интернетти кымбат баада сатып алуу боюнча келишим түзүү фактысы боюнча кылмыш ишинин козголушуна Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы негиз берди деп эсептейт. Анын белгилешинче, комиссиянын айрым мүчөлөрү коомчулукка жана укук коргоо органдарына туура эмес маалымат беришкен. Депутаттык комиссия “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилиги колунда бар материалдардын баары менен бөлүшүүгө даяр экенине карабай, ал маалыматтарга көңүл бурбай койгон. Ешеналиев бул маселени тергөөгө жеткирбей эле териштирүүгө мүмкүн экенин да кыйыткан.

“Кыргызтелеком” ишканасы июль-август айларында казакстандык эки ишкана менен интернетти кымбат баада сатып алуу үчүн мыйзамсыз келишим түзгөн деген жүйөө менен Башкы прокуратура 30-ноябрда кылмыш ишин козгогон. Мурдараак интернеттин кымбатташын иликтеген парламенттеги депутаттык комиссия интернет баасы “Кыргызтелеком” казакстандык эки компания менен 1 мГб 30 доллардан сатып алуу тууралуу келишим түзгөндөн кийин кымбаттаган деген тыянак чыгарган эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG