Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Атамбаев импичмент демилгесине маани бербейт


Импичмент демилгесин "Ата Мекен" партиясынын лидери көтөрдү.
Импичмент демилгесин "Ата Мекен" партиясынын лидери көтөрдү.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, билдирди. Ал импичмент демилгесин көтөргөн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди ар кандай чуулгандуу билдирүүлөрү менен белгилүү доктор Апаска менен салыштырды.

- Мен бул суроого кантип жооп бермек элем? Бизде ар түрдүү ойлонгон өзгөчө саясатчылар көп. Нурлан Мотуев түрмөгө отуруп алып, келиндерге кастинг жарыялап жатат. Айрымдарга бул күлкүлүү болушу мүмкүн. Бизде доктор Апастын ордун бирөө алышы керек да. Бул жаш саясатчылар үчүн сабак болушу керек,- деди Атамбаев.

Буга чейин "Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президентке импичмент жарыялоо демилгесин баштаган эле.(AKu/BkA)

XS
SM
MD
LG