Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Елисеев: Иванов менен келишимдин негизинде иштегенбиз


Артем Иванов Кыргызстанда менин атымдан ишеничтүү адамым катары иш жүргүзчү. Бул тууралуу учурда Кыргызстандан тыш жүргөн Алексей Елисеев “Азаттыкка” билдирди. Елисеев ал убакта Ивановдун КСДП менен байланышы бар-жогун билбесин кошумчалады.

Елисеевдин билдиришинче, Артем Иванов 2010-жылы Елисеевдин адвокаты катары ага карата козголгон кылмыш иштерине да катышып жүргөн:

- Ал менин адвокатым болчу. Менин расмий адвокатым болчу. Ал эми анын КСДПга тиешеси бары-жогун билбейм. Бул анын жеке саясий жашоосу, - дейт Елисеев.

Алексей Елисеевдин айтуусунда, келишим аягына чыккандан кийин, кызматташуу токтогон. Андан кийин байланыш болгон эмес.

Алексей Елисеевдин узартылган лицензиясын ага Бишкек шаардык кеңешине учурда КСДПдан талапкер болуп жаткан Артем Иванов жеткирген. “Азаттыктын” өздүк булактары билдиргендей, 2010-жылдын 1-июлунда ал Елисеевдин ишеним катынын негизинде лицензияны жеткирип берген.

26-ноябрда Башкы прокуратура Максим Бакиевдин жакын өнөгү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, ишти териштирүүнү Улуттук коопсуздук комитетине тапшырган.(KR/ZKo)

XS
SM
MD
LG