Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Депутат айымдарга таандык делген Ватсаптагы жазышуу тарады


Интернетке 8-декабрда тараган сүйлөшүү.
Интернетке 8-декабрда тараган сүйлөшүү.

Жогорку Кеңештеги КДСП фракциясынын депутаттары Элвира Сурабалдиева менен Евгения Строкованын Ватсаптагы жазышуусу делген сүрөт тарады.

“Фракция СДПК. VI” деген тайпага Элвира Сурабалдиева деген колдонуучу “Референдум болот. Мага жогоруда отурган бир аял менен коштошуу өкүнүчтүү эмес. Мен “Бир Бол” жөнүндө айтып жатам” деп жазган. Ага Евгения Строкова жооп кайтарып, “Бир Болчу” айымды “парламенттен салтанат менен узатышарын” билдирген. Сурабалдиева болсо “Ушуну менен анын Жогорку Кеңештеги миссиясы аяктайт. Сөзүнө турсун” деп пикир калтырган.

Муну жогоруда аты аталган депутаттар чагым деп сыпатташууда.

Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөн кезде ага айрым саясатчылар каршы чыккан. “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова эгер референдум өтүп, Баш мыйзам өзгөрсө, мандатын тапшырарын билдирген эле.

Кыргызстанда референдум 11-декабрга белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG