Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

АКШнын Иранга каршы санкциялары узартылды


АКШ президенти Барак Обама Иранга карата санкцияларды дагы он жылга узартуучу мыйзамга кол койбогону менен анын күчүнө киришине бөгөт койгон жок.

Иран менен ишкерлик кылган компанияларга санкция киргизе турган мыйзамга 14-декабрга чейин кол коюлушу керек эле. Бул мөөнөт ичинде президент Обама мыйзамга кол койгон жок, бирок каршылыгын да билдирбеди. Ак үй маалымдагандай, АКШнын мыйзам чыгаруу системасына ылайык, Иран тууралуу мыйзам президенттин макулдугу жок эле күчүнө кирди.

Иран президент Обаманы бул мыйзамга кол койбоого чакырган. Расмий Тегеран мыйзам күчүнө кирсе, Ирандын өзөктүк программасы боюнча былтыр жетишилген эл аралык келишимге шек келтирерин билдирген.

XS
SM
MD
LG