Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

AI: Крым татарлары куугунтукталып жатат


Крымдагы мечит
Крымдагы мечит

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялагандан бери татарларды “системалык куугунтукка” алып жатат деп билдирип чыкты. Уюм Крымда татарларга жана башка сынчыл көз караштагы адамдарга каршы “репрессиялык тактикалалар колдонулуп жатканын” белгилеп, бул көрүнүштү кескин айыптады.

Орусия татар межлисин “экстремисттик уюм” деп атап, аларга Крымда иш жүргүзүүгө тыюу салган. Мындан тышкары бир катар татар лидерлерине жарым аралга кирүүгө уруксат берилген эмес.

Эл аралык мунапыс уюму өз баяндамасында орус өкмөтү өз мыйзамдарын эл аралык нормаларды бузуу менен жарым аралда ишке киргизгенин да белгиледи. Орус тарап крым татарларын куугунтуктоого байланыштуу айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG