Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

"Ата Мекен" Сегизбаевге укуктук баа берүүнү талап кылды


Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы "Белизгейт" боюнча УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин аракетине укуктук баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Фракция тараткан билдирүүдө Сегизбаев "өз сөзүнө турган жок" деп айтылат.

"16-ноябрдагы парламент жыйынында "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу Белиз өлкөсүнөн алынды деген документтер талкууланган учурда Абдил Сегизбаев апостиль материалдарынын көчүрмөсүн көрсөтүүгө депутаттар алдында расмий убада берген. Бирок эл өкүлү Өмүрбек Текебаевдин өтүнүчүн аткаруудан атайын кызмат "Ыкчам иликтөө иши жөнүндөгү" мыйзамга шылтап баш тартты. 16-ноябрда парламентте жарыяланган маалымат жашыруундуулугун жоготту. Андыктан, Сегизбаевдин тоготпогондугу жол берилгис" деп жазылган.

14-ноябрда УКМК Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып, оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга аракеттенген деген маалымат тараткан. Эл өкүлдөрү муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо катары сыпаттап келишет. Президенттин тапшырмасы менен атайын кызматтын маалыматын Башкы прокуратура иликтеп жатат. (NT)​

XS
SM
MD
LG