Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Рыспаев: ЖМК мыйзамында бир топ чектөөлөр алынды


Бул тууралуу "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдүн авторлорунун бири, депутат Кожобек Рыспаев бүгүн парламенттик угууда билдирди. Анын айтуусунда, документте бир топ ченемдер алынды, телеканалдарга карата гана чет элдик үлүштүн өлчөмү киргизилди. Депутат маалымат коопсуздугун чыңдоо үчүн бул ченем керек экенин айтып, "Азаттык" радиосуна карата атайын киргизилди деп айтылып жаткан чектөөлөр толугу менен жоюлганын кошумчалады.

Аталган мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган.

Анда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу экени жазылган.

Парламенттик угууга депутаттар, мамлекеттик мекеме, жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер жана эксперттер катышууда. (KJ/NT)

XS
SM
MD
LG