Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Чоң энесин өлтүргөн адам 15 жылга кесилди


Жогорку Сот Сузак районунун 26 жаштагы тургуну Алишер Кыргызбай уулун 15 жылга эркинен ажыратты. Муну менен Сузак райондук сотунун быйыл 21-сентябрдагы өкүмү күчүндө калды, ал күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөйт.

Соттолгон адам мас абалда 1-сентябрда өз үйүнүн короосунда чоң энесин таяк менен башка чаап, андан кийин отундарды сүздүрүп, дөңгөч менен урган. Маркум оор жаракат алып, ошол жерде каза тапкан.

Буга чейин райондук сот анын небересин өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүргөн деп таап, 15 жылга абакка кескен. Жактоочу тарап ага макул болбой, Алишер Кыргызбай уулу атайлап адам өлтүргөн жок деген жүйө менен облустук сотко кайрылып, мурдагы өкүм өзгөртүлгөн эмес. Натыйжада Жогорку Сотко арыз жолдонгон.

XS
SM
MD
LG