Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Аялына бизнесин берген аткаминерлер


Кыргызстанда айрым саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин жубайлары жылына миллиондогон сом киреше табары, ири ишкер экени белгилүү.

Мыйзам мамлекеттик кызматкерлерге бизнес менен алектенүүгө тыюу салат.

Айрым адистер аткаминерлер мүлкүн, бизнесин жубайларына, жакын адамдарына кататып койгону менен өздөрү бул чөйрөдөн алыстабайт, бизнестерин өздөрү эле көзөмөлдөй турганын белгилешет. Андан сырткары ар кандай мыйзамсыз жолдор менен табылган каражатты адалдоо, изин жазгыруу ыкмасы катары да баалашат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы салып жаткан үйүнүн жерине байланыштуу айрым жагдайлары коомчулукка маалым болгондо Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жубайынын аты аталган. Айнура Ибраимова менен Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынан депутат Исхак Пирматовдун аялы Ольга Атогурова экөө TM-ORLAN & Group деп аталган ишканага ээлик кылары ачыкка чыккан эле.

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун жубайлары ээлик кылган фирманын айланасында жаңы жагдайлар белгилүү болду.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын өкүлдөрү бул ишкана авиамайларды дүңүнөн сатуу менен алектенерин жарыялаган. Албек Ибраимов менен Исхак Пирматов муну жокко чыгарган. Пирматов депутат болгондон бери бизнесин аялы эмес, башка адамга өткөрүп бергенин “Азаттыкка” билдирди. Аялы ири ишкер экенин жокко чыгарды:

- Сиз айтып жаткан маалыматтар жөн эле ушак. Жубайым эч кандай бизнес менен алектенбейт. Ал ишкананын негиздөөчүсү. Ал ишкерлерди жалдайт. Негиздөөчү деген ишкер дегенди түшүндүрбөйт. Ал аткаруу органы. Менин декларациямда баары көрсөтүлгөн. Мен ишимдин баарын Бактыгүл Асекова дегенге өткөрүп бергем.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аялы ишкерлик менен алектенерин ачык айтып келет. Анын саясий оппоненттери 2010-жылдан кийин эпсиз байлык топтоду деген дооматынан кийин болгон мүлкүн көрсөткөн. Үйдөгү кирешенин басымдуу бөлүгүн жубайы табарын бышыктаган:

- 2005-жылы менин аялым жети сотых жер сатып алган. Ал кезде жер кымбаттай элек кез болчу. Биздин үй-бүлөнүн кирешеси негизинен мына ушул жерден түшөт. Жылына үч-төрт миллион сомго чейин табабыз. Ал он жылдан бери декларацияда көрсөтүлөт. Ушул жерден түшкөн акчаны жыйнап мен 60ка жакындаганда үч бөлмөлүү үй алдым.

Жубайлары ишкерлик менен алектенген аткаминерлер тууралуу сөз болгондо дароо эле Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун аялын эстешет. Турсунбеков мисалы, 2015-жылдагы декларациясында өзү бир миллион сомго жакын гана акча тапканын, жакындарынын кирешеси 86 миллион сомго жакындаган көрсөткөн. Турсунбековдун жубайы ун бизнесин, Ысык-Көлдө ири эс алуу жайларды көзөмөлдөйт.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Андан кийин парламенттеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарованы атоого болот. Бул үй-бүлөгө Бишкектеги заңгыраган мейманкана, тойкана, шаардын так ортосундагы көп кабаттуу үйлөр тиешелүү. Андан сырткары Украинадан “Рошен” деген марка менен белгилүү момпосуйларды Жапаровдун аялынын “Тридас” деген фирмасы гана ташыйт.

Мурдагы депутаттар Феликс Кулов менен Акматбек Келдибековдун жубайлары дагы ишкерлик чөйрөсүндө жүргөнү белгилүү. Куловдун аялы Фатима Абдрасуловага жеке медициналык борбор, дүңүнөн соода кылган борбор катталган.

"Клооп" маалымат порталы Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматовага Болгариядагы «ЕВРАЗИЯ-КГ» компаниясы катталганын иликтеп чыккан. "Бул компания унаа, жыгач өңдүү буюм-тайымдарды, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, мейманкана жана ресторан бизнеси, жарнама, курулуш менен алектеген, риелтордук кызмат көрсөтөт" деп жазылган.

"Мандат алып байлыгын коргошот"

Мурунку депутат, оппозициячыл саясатчы Бегалы Наргозуев аткаминерлердин бизнесин аялдарына каттатканын мыйзамды кыйгап өтүү ыкмасы деп эсептейт. Ал бул жаатта ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн айрым бир мамлекеттердин ыкмасын колдонуу ашыкча болбосун белгилейт:

- Малайзия өнүгүп келе жаткан мамлекет. Ал жакта депутаттарга бизнес жасоого уруксат берилет. Малайзиядан делегация келгенде депутаттарынын баары эле бизге чогуу бизнес жасабайлыбы деп сунуш кылышкан. Бизде депутаттарга ишкерлик менен алектенгенге болбойт десек аябай эле таң калышкан. Малайзияда болсо мыйзам жол берет экен. Коррупция деле болбойт экен. Бизде болсо мыйзамга туура келиши үчүн гана аялына, балдарына каттатып коет. Болбосо бизнестеринин артында өздөрү эле турат, өздөрү эле башкара берет. Бул эч кимге деле жашыруун эмес. Башкаларга каттатып эле койгону болбосо мамлекеттик кызматка келсе деле бизнесин жүргүзө берет.

Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева Кыргызстанда айрым ишкерлер өз бизнесин коргоп, байлыгын көбөйтүү максатында мамлекеттик кызматка келүүгө, депутат болууга умтулган көрүнүш бар экенине токтолду:

- Бул негизи биздин өлкөдө жайылган эле көрүнүш. Төбөсү көрүнгөн эле саясатчылар бизнестерин, мүлктөрүн туугандарына эле эмес, өзүнүн айдоочусунун бир тууганына каттатып койгон учурларды аныктап чыкканбыз. Ал адам өзүнө катталганынан кабары да жок болсо керек. Бир топ өлкөлөрдө жакын туугандары деген чөйрөгө ким кирет так такталган. Ошолорго дагы тыюу салган жол-жобосу жазылган. Бизде ушундан улам бизнесин кайненесине да каттатып койгон учурлар бар. Азыр “Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө” жаңы мыйзам долбоор талкууланып жатпайбы. Айрым ири ишкерлер мамлекеттик кызматка келгенинин башкы себеби “менин бизнесиме тийбесин, мен барып өзүм калкалайын” деген ниети экени деле жашыруун эмес да.

Мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жылына мал-мүлкү тууралуу декларация толтурат. Жылда эле коомчулукта “баары эле билген байлыгын жашырып, итке минген кедей болуп чыга келди” деген мазмундагы нааразылыктар да айтылат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG