Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Кыргызстан веткөзөмөлдү алуу маселесин көтөрөт


Чек ара.
Чек ара.

Санкт-Петербург шаарында өтчү Евразия экономикалык биримдигинин жыйынында Кыргызстан кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алуу маселесин көтөрөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов бүгүн журналисттерге билдирди.

Анын айтуусунда, ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча эксперттер келип, инспекция өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы менен биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен Казакстандан башкасы ветеринардык көзөмөлдү алууга макул болгон.

Панкратов бул жолку жыйында Кыргызстан ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча маселе оң жагына чечилет деген үмүтүн билдирди.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болуп кирген. Андан бери бажы жана фитосанитардык көзөмөл алынган. Ветеринардык көзөмөл быйыл август айында алынары айтылып, бирок Кыргызстандын бул жаатта даярдыгы начар болгону үчүн биримдиктеги өнөктөштөрү буга каршы чыккан.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин жылдык маалымат жыйынында Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл орнотуу жаатында маселелер бар экенин билдирген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG