Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

АКШдан орусиялык 35 дипломат чыгарылат


АКШ президенти Обама менен Орусия президенти Путин ноябрда Перуда өткөн саммит маалында
АКШ президенти Обама менен Орусия президенти Путин ноябрда Перуда өткөн саммит маалында

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обаманын атынан таратылган билдирүүдө айтылгандай, орус бийликтеринин АКШдагы шайлоого кийлигишүү аркылуу улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирүү аракетине жооп катары 35 орус дипломаты 72 саат ичинде өлкөдөн чыгарылат. Мындан тышкары Мэриленд менен Нью-Йорктогу орусиялык мекемелер жабылат. Вашингтон бул мекемелер чалгындоо максатында пайдаланылат деп эсептейт.

АКШнын финансы министрлиги президенттик шайлоонун тегерегинде Москвадан баш алган хакердик чабуулдарга жооп иретинде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен Куралдуу күчтөрүнүн чалгындоо башкармалыгына каршы каржылык санкцияларды киргизет. Барак Обама жакын арада Конгрессте АКШдагы шайлоого орусиялык хакерлер кандай кийлигишкени тууралуу ФБРдин маалыматына таянган баяндама жасай турганын билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги АКШда жарыяланган санкцияларды тескери натыйжа берчү чаралар катары баалап, алар Москва менен Вашингтондун мамилесине зыян келтирээрин эскертти.

XS
SM
MD
LG