Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Сеулда президентке нааразы монах өзүнө өрт койду


Пак Кын Хеге каршы нааразылык акциялары бир канча жумадан бери болуп келе жатат.
Пак Кын Хеге каршы нааразылык акциялары бир канча жумадан бери болуп келе жатат.

Түштүк Кореяда президент Пак Кын Хеге каршы нааразылык акциясы учурунда монах өзүн өрттөп жиберди.

Ал өлкө бийлигинин Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы “аялдар” маселеси боюнча Жапония менен келишимге кол коюшуна нааразы болуп ушундай кадамга барган

Өзүнө өрт коер алдында жазган катында 60 жаштагы монах келишимге кол койгон Пак Кын Хени “чыккынчы” деп атап, камакка алууну суранган.

Учурда монахтын абалы оор экени кабарланууда.

Түштүк Корея менен Жапония ортосундагы “аялдар” маселеси Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунан бери уланып келет.

Согуш маалында жапон бийлиги 200 миңге жакын кореялык жана кытайлык кыз-келиндерди зордоп, сексуалдык кулчулукка колдонгону айтылып келет.

2015-жылы Жапония мындай окуя үчүн кечирим сурап, бир миллиард иен кенемте төлөп берген.

Эки өлкө ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык, корей бийлиги Жапониянын Сеулдагы элчилигинин алдына сексуалдык кулчулук курмандыктарына орнотулган эстеликти алып салышы керек эле.

Бирок коомчулук буга каршы чыгып, жакында Жапониянын Пусандагы консулдугунун алдына да мындай эстеликтен дагы бирди тургузган.

Мындан соң жапон бийлиги Кореяны келишимди аткарбаганы үчүн сындап чыккан.

XS
SM
MD
LG