Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Өкмөт Ноокатта 130 гектар жер сатылды деген маалыматты четке какты


Жаңы-Ноокат айылындагы нааразылык акциясы.
Жаңы-Ноокат айылындагы нааразылык акциясы.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жаңы-Ноокат айылына караган жер тилкеси Өзбекстан жарандарына сатылган эмес. Мындай билдирүүнү өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов кат түрүндө ырастады.

Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Нармамат Юлчиев да жер тилкеси сатылбаганын ырастаган документтерди жөнөткөн. Анда Жаңы-Ноокат Өзбекстан менен чектешпей турганы, ал жакта өзбек жарандыгы бар бир да атуул жашабай турганы айтылат. 12-январда парламент депутаты Төрөбай Зулпукаров жердин өзбек жарандарына сатылганы боюнча маалыматтын чын-төгүнүн тактоо талабы менен өкмөткө кайрылган. Ага чейин Жаңы-Ноокат айылынын бир нече тургуну айыл өкмөт башчысын айыптап, нааразылык акцияга чыгышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG