Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Авиакырсыкта өлгөндөрдүн жакындарына Алматыда жардам чогултулууда


Куткаруу иштери.
Куткаруу иштери.

Алматы шаарынын тургундары Кыргызстанда болгон авиакырсыкта мерт кеткендердин жакындарына гуманитардык жардам чогултууда. Tengrinews.kz сайты маалымдагандай, демилге “Мен алматылыкмын” коомдук бирикмесине таандык. Шаар тургундары төшөнчө, жуунгуч каражаттар, кургатылган азыктарды топтой баштады.

Бишкекте да жабыркагандарга жардам топтоо боюнча активисттер алты жерде кабыл алуу пункттарын ачышкан.

Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап, 40 чамалуу адам набыт кеткени кабарланды. Дача-Суу айылында жыйырмадан ашуун турак-жай кыйраган.

Набыт болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун адам ооруканада.

17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.(SE)

XS
SM
MD
LG