Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:40

Бишкекте Чехиянын Ардактуу консулдугунун ачылышы болот


Чехиядагы кыргыз диаспорасы.
Чехиядагы кыргыз диаспорасы.

Бүгүн Бишкекте Чехиянын Ардактуу консулдугу ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ардактуу консул Марат Жаанбаев билдирди. Анын айтуусунда, мындай өкүлчүлүк ачуу чечими былтыр Бишкекке Чехиянын парламенттик делегациясы келгенде кабыл алынган:

- Ошондо спикер мырза жана Чехиянын өкмөтү “азырынча элчилик ачуу эрте, себеби соода жүгүртүүнүн орточо көлөмү 10 миллион евронун гана тегерегинде, андыктан элчилик ачуу эрте, бирок Ардактуу консулдук ачабыз” деп убада берип кетишкен. Соода-сатыкты көбөйтүү жана алаканы өнүктүрүү үчүн консулдук ачып жатабыз.

Чехия парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Ян Гамачек жетектеген делегация Бишкекте былтыр жазында болгон. Сапардын жүрүшүндө экономика, айыл чарба, илим, билим берүү жана маданият тармактарында эки тараптуу кызматташтык тууралуу маселелер талкууланган.

Марат Жаанбаевдин айтышынча, учурда Чехияда миңге жакын кыргыз жараны жашайт.

Чехиянын Кыргызстандагы элчилик милдетин бул өлкөнүн Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү аткарат. Ал эми Чехиядагы кыргыз элчилигинин резиденциясы Австрияда жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG