Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Ошто жаңы автобустарга бекер Wi-Fi коюла баштады


Ошто Орусиядан келген жаңы автобустарга бекер Wi-Fi коюла баштады. Шаардын унаа башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда мындай жабдуу 10 автобуска орнотулду. Дагы 20 автобус калды.

Мындан тышкары ар бир унаанын ичинде видеокамералар иштеп жатат. Айдоочулар туш келди жерге токтобостон жүргүнчүлөрдү аялдамалардан гана алуусу керек деген талап күчөтүлдү.

Ар биринин баасы 83 миң евролук жаңы унаа Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын гранттык каражатына былтыр жыл этегинде сатылып алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG