Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Курсан Асанов журналисттин үстүнөн арызданды


Курсан Асанов
Курсан Асанов

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов журналист Аслан Сартбаевдин үстүнөн арызданды.

Ал ММКга даттанган арыздарды караган комиссияга “Азия ньюс” гезитине чыккан материал боюнча “адамдын ар-намысына шек келтирген жалган маалымат жана карикатура боюнча баа берүүңүздөрдү өтүнөм” деп кайрылды.

19-январда аталган гезиттин биринчи бетине “Пул чыккан жерден машкеге айланган Курсан Асановбу?” деген аталыш менен коллажбасылган. Анда Асановдун сүрөтү итке салыштырылган. “Курсан Асанов өлүм алдында жаткан адамдардын тагдырына түкүрүп, акча жасап алганы ачыкталабы?” деген макалада ал 2010-жылдын июнь окуясында “барымтада калган өзбектерден миллиондорду алганы ыраспы?” деген суроо коюлган.

20-январда Курсан Асанов гезиттин редактору Аслан Сартбаевди сабап койгонун “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин мүчөсү Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдирип, анын атынан Башкы прокуратурага кайрылганын айткан.

Турдукуловдун билдиргени боюнча, ички иштер министринин орун басары журналистти кафеде парламент депутаттарынын көзүнчө урган. (RK)

XS
SM
MD
LG