Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Анкара ЕБнин качкындар келишимин жокко чыгарарын билдирди


Түркия. Сирия качкындарынын лагери.
Түркия. Сирия качкындарынын лагери.

Грекиянын Жогорку соту тарабынан Түркиядагы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Грекияга качкан сегиз аскерди өз өлкөсүнө өткөрүп бербөө тууралуу чечимине Анкара нааразы болду.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бул аракеттердин арты Евробиримдик менен макулдашылган Түркиянын качкындар боюнча келишимин жокко чыгарууга алып келерин айтты. Түрк ТИМ башчысы өкмөт Афина менен алакаларды карап чыга турганын дагы кошумчалады.

Офицерлерди Түркияга өткөрүп берүү маселеси алты айдан бери каралып келатат. Адвокаттар сот учурунда аскерлер өз өлкөсүнө кайтса түрмөдө токмоктолуп, өмүрүнө коркунуч жараларын билдирген.

Натыйжада 26-январда Грекиянын Жогорку соту түрк офицерлерин тергөө абагынан бошотуп, өлкөсүнө кайтарып бербөө тууралуу чечим чыгарган.

Брюссель менен Анкаранын ортосундагы келишимге ылайык Грекия жээгине барган качкындар Түркияга кайтарылышы керек. Өз кезегинде Евробиримдик ар бир качкындын ордун Түркиянын аймагынан барган мыйзамдуу мигрант менен толуктайт.

Мындан тышкары Брюссель качкындар үчүн Анкарага 6 млрд. евро бермек. Түркия буга чейин да бир нече жолу бул келишимден чыгарын айткан, ал эми эксперттер келишимдин жокко чыгышы Грекия жээктерине мигранттардын агылышын күчөтөрүн айтып келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG