Буга чейин интернеттеги социалдык түйүндөрдө тайпаларды түзүп, ал аркылуу тарапташтарды тарткан саясатчы, “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Садыр Жапаров жер-жерлерде өкүлчүлүктөрүн ачып, Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык сотко арыз берүү демилгесин көтөрүп, кол топтоо акциясын баштады.
Мындан сырткары өлкөдөгү коомдук-саясий абалга баа берген оппозициялык саясатчы жакында Кыргызстанга кайтып келерин жарыялады. Буга карабастан алардын мурдагы өнөктөштөрү четтеги саясатчылар мекенинде болбогондуктан өз таасирин эбак жоготкон деп эсептешүүдө.
Соцтармактардагы кайрылуу
Өздөрүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук катары санаган айрым оппозициячыл саясатчылар Кыргызстандан чыгып кетишкен. Алардын бири Ош шаарынын мурдагы мэри, “Улуттар биримдиги” партиясынын төрагасы Мелисбек Мырзакматовдун учурда каякта экени белгисиз.
“Ата-Журт” партиясынын мурдагы теңтөрагасы Садыр Жапаров болсо 2013-жылы чет өлкөдөн инисин дарылатканы кетип, ошол бойдон келе элек. Буга чейин социалдык түйүндөрдө байланыштарын жайылткан саясатчы Садыр Жапаров былтыртан бери чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугуша баштаган.
Садыр Жапаров жакын арада өлкөгө кайтып келерин айтып, учурдагы саясий кырдаалга төмөндөгүчө мүнөздөмө берди:
- Буюрса, Кыргызстанга 25-мартта барып калам. Азыр эми өлкөнүн ичиндеги оппозициялык күчтөр биригип жатканын байкап жатабыз. Эгер биригүү болсо, баарыбыз жеке кызыкчылыктардан алыс болуп, алдыбызда “Кыргыз мамлекетинин мындан аркы жолун канткенде түздөп кете алабыз” деген гана маселе турушу кажет. Учурда өлкөбүздөгү коомдук-саясий абал жакшы эмес. Бийлик менен оппозиция кырды-бычак абалда турат. Кырсыктын артынан кырсык болуп жатат. Жакында эле учак кулап түшүп, кыркка чукул адам өлүмгө учурап жатса, бийлик андагы адамдарды тез арада куткарып, жабыркаган адамдардын жанында болуунун ордуна дайынсыз болуп кеткени таң калтырат. Мунун бардыгын элибиз көрүп турат.
Чет өлкөдө жүрүп, Кыргызстанда “Мекенчил” саясий партиясын түптөө менен алектенген Садыр Жапаров көпчүлүк жаңы тарапташтарын интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу тапкан. Жакында коомчулукка кайрылуу жасаган саясатчы Садыр Жапаров Кумтөр алтын кени долбоору боюнча канадалык тарапты эл аралык сотко берүү демилгесин көтөрдү.
Эл аралык сотко кайрылуунун тартиби
Бирок Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов келишим боюнча өкмөт гана эл аралык сотко кайрылууга укугу бар экенин эске салды:
- Кол топтоо менен өзүбүздүн өкмөттү эл аралык сотко кайрылууга түрткүлөсө бир жөн. Бирок жөнөкөй жарандар өзүнүн атынан эл аралык сотко бул маселе боюнча кайрыла албайт. Кайрылган күндө дагы эл аралык сот аны өндүрүшкө кабыл алышы күмөн. Анткени келишим боюнча эл аралык сотко кайрылууга тараптардын гана укугу бар. Биз тараптан башынан бери эле өкмөт болуп жатпайбы. Ошол үчүн өкмөт арыз бериши керек. Эл аралык сотко кайрылуунун дагы мыйзамдарда каралган тартиби бар да.
Ошол эле кезде “Мекенчил” партиясы “Кумтөр” маселесинин алкагында башка саясий күчтөр менен азырынча кызматташа элек.
“Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев четтеги саясатчылардын өлкөнүн ичиндеги саясий жараяндарга таасир этишине анчейин ишене албайт:
- Сыртта жүргөн саясатчылар менен тыгыз байланыш жүргүзүү мүмкүн эмес. Анан дагы алардын өлкөнүн ичиндеги саясий таасири баары бир мурдагыдай болбойт. Анткени алар көп убакыт бою чет өлкөдө болуп, өздөрүнүн бул жактагы тарапташтары менен, жалпы эле мекендештери менен байланышы үзүлүп, ортодо ажырым болуп калганы белгилүү. Ошондуктан кандай маселе болсо да алар сыртта туруп алып, саясатка таасир эте алат дегенден алысмын. Алар тыштан туруп, моралдык колдоо көрсөтө алышы гана мүмкүн.
Буга чейин өкмөт “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр жүрөрүн жана соттошуу боюнча маселе азырынча күн тартибинде жок экенин айткан болчу. Саясатчы Садыр Жапаров келтирилген 3,5 миллиарддык зыян боюнча эл аралык сотко арыз берүү үчүн калктын 60 пайызынын колдоосу керек экенин коомчулукка кайрылуусунда белгилеген. Ал өзү депутат кезинде эксперттик деңгээлде атайын иликтөө жүргүзүп, келишимдерди талдап чыгып, чыгарылган жыйынтык боюнча келтирилген зыяндын өлчөмү мына ошого барганын кошумчалады. Бирок учурунда аталган иликтөө тобунун чыгарган тыянагын парламент карап чыгып, бирок колдоого алган эмес.