Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Өзбекстан Арал деңизинин айланасын өнүктүрөт


Арал
Арал

Өзбекстан Арал деңизинин айланасындагы аймакты өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 2,6 миллиард доллар сарптоону көздөп жатат. Президент Шавкат Мирзиёев кол койгон тиешелүү токтом 30-январда күчүнө кирди. Документ боюнча ал каражат жумуш орундарын түзүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана канализациялык системаларды, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, жаңы турак жайларды жана инфраструктураны курууга сарпталмакчы. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга чакан насыя берүү, социалдык жөлөк пулду көбөйтүү долбоору ишке аша баштайт. 1960-жылдардан бери Арал деңизи 90 процент суусун жоготкон. Анын себептеринин бири Амударыя менен Сырдарыянын СССР убагында сугатка пайдалануусу болгон. Аралдын соолушу айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келди.

XS
SM
MD
LG