Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

АКШ бийликтери иммиграциялык жарлыкты токтоткон сот чечимине каршы арыз берди


Трампка каршы акциялардын бири.
Трампка каршы акциялардын бири.

АКШнын Юстиция департаменти президент Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгын токтоткон сот чечимине каршы доо арыз берди. Мындай кайрылуу берилгени 4-февраль күнү кечинде белгилүү болду.

Ага чейин президент Трамп жарлыкты токтотуу чечимин кабыл алган Сиэтл сотунун судьясы Жеймс Робартты сынга алган.

Президент Робартты “судья сөрөй” деп атап, аны “алысты көрө албаган чечим” чыгарганын жана ал жокко чыгарыларын убада кылган.

Ага чейин Ак үйдүн маалымат кызматы президенттин жарлыгы мыйзамдуу экенин жана максатка ылайык чыгарылганын белгилеген билдирүү тараткан эле.

Сиэтл сотунун чечими чыккан соң айрым авиакомпаниялар Дональд Трамптын иммиграциялык жарлыгында көрсөтүлгөн жети мусулман өлкөсүнүн АКШга визасы бар жарандарын ташый баштагын белгилүү болгон.

Жума күнү Сиэтлдин Федералдык соту АКШ президенти Дональд Трамптын жети өлкөнүн жарандарына жана сириялык качкындардын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө убактылуу тыюу салган жарлыгын токтотуу чечимин кабыл алган.

АКШнын президент Дональд Трамп Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен сыяктуу жети өлкөсүнүн жарандарына виза берүүнү 90 күнгө токтотууну караган жарлыкка 27-январда кол койгон. Ошондой эле АКШ бийликтери сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтоткон эле.

XS
SM
MD
LG