АКШнын улуттук коопсуздук министри Жон Келлинин айтуусунда, президент Трамптын жети өлкөнүн жарандары үчүн АКШга кирүүгө тыюу салынган жардыгы жаамы “мусулмандар үчүн” эмес. Келли бул жардыкты “тартипке салганга чейинки тыныгуу” деп атады. Ал АКШ Конгрессиндеги жыйында сүйлөгөн сөзүндө бир нече айга киргизилген тыюу салуу “америкалык жарандардын коопсуздугун камсыз кыла алат” деп билдирди.
Буга чейин башка мусулман өлкөлөрдүн жарандарынын АКШга кире албай калышы көбөйүшү ыктымал деген маалыматтар айтылып жаткан.
АКШга кирүүнү чектөө жардыгы АКШда массалык нааразылыктарды жаратып, укук коргоочулардын жана дүйнөлүк лидерлердин сынына кабылган. Трамптын бул жардыгы 3-февралда сот тарабынан токтотулган болчу. 8-февралда Сан-Францискодо Ак үйдүн жактоочулары аны калыбына келтирүүгө арналган жыйынга чогулушат.