Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Быйыл “кара тизмеден” 43 миң кыргызстандык жаран чыгарылат


Мигранттар.
Мигранттар.

Жалпысынан Орусиянын “кара тизмесинде” 110 миң кыргызстандык бар. Мындай маалыматты премьер-министр Сооронбай Жээнбековго миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди. Анын айтуусунда, кыргызстандык мигранттардын өз укуктарын жана миграция мыйзамдарын билбегени негизги көйгөй бойдон кала берүүдө.

Өкмөт башчы кыргызстандык мигранттардын укугун коргоону жакшыртууну жана мекендештерди “кара тизмеден” чыгаруу үчүн активдүү иш алып барууну тапшырды.

2013-жылы Орусия бийлиги миграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын тизмесин түзгөн. Ага жазылган жарандар өлкөгө кайра киргизилбейт. Коомчулукта “кара тизме” деп аталган бул тизмеге 32 миң кыргызстандык кирген.

Миграция кызматынын маалыматы боюнча, ушул тапта Орусияда 600 миңден, ал эми Казакстанда 110 миңден ашуун кыргызстандыктар иштешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG