Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Башкы прокуратура "атамекенчилердин" жакындарынын салык отчетторун сурады


Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун туугандарынын 2005-жылдан ушу кезге чейинки салык отчетторун талап кылууда.

Салык кызматына жолдонгон катты Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" көрсөттү. Бирок, кайсы органдан келгенин ачык айткан жок.

Анда Башкы прокуратура Белизден келген документтер боюнча мекемелер аралык жумушчу топ текшерүү жүргүзүп жатканын айтып, отчетту ушуга байланыштуу сураган.

Тизмеге саясатчылардын ата-эне, бир туугандары, жубайлары баш болгон 26 адам киргизилген. Ошондой эле Текебаевдин эмгек курагына жете элек, тагыраагы, 2002-жылкы уулу, 2008-жылы туулган кызы да бар:

- Мекемелер аралык комиссия өз ыйгарым укугунан чыгып, башка маселелерге өтүүдө. Сексендеги апам менен сегиздеги кызыма чейин салык отчетторун сураптыр. Мен баарын бергенге даярмын. Өзүмө кошуп Атамбаев, Жолдубаева, Исаков, Сегизбаев жана башкалардын ушундай отчет беришин талап кылам, - деди Текебаев.

Ал муну саясий кысым деп, президент Алмазбек Атамбаевдин мүлк, байлыктарын иликтөөсүнө жооп катары баалоодо. Азырынча Башкы прокуратуранын пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.

2016-жылы ноябрда УКМК жогоруда аты аталган “Ата Мекендин” депутаттары “Альфа Телекомдун” (Мегаком) 50% акциясын сатууну көздөгөн, муну Белиз өлкөсүнөн алынган документтер ырастады деген.

"Азаттыктын" иликтөөсү учурунда Белиздин расмий органдары документтин мазмунуна жооп бербесин билдиришкен. "Атамекенчилер" ал документтер жасалма экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG